
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3 миң 529 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 145 медкызматкер айыгып чыкты.