Биз социалдык тармакта

Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы үчүн "Эл планшет" электрондук тутуму иштелип чыкты. Бул тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Систем патрулдук милиция кызматкерлеринин планшеттерине киргизилген.

Ал каражат менен инспектор төмөнкү документтерди онлайн-режимде текшере алат:

транспорттун катталганы боюнча маалыматты;

айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын;

издөөдө болгон унаалар боюнча маалыматты;

административдик айыптардын төлөнбөгөндүгү тууралуу маалыматты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Кайгуул-күзөт кызматын бириктирип, Бишкекте патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын түзүлгөнүнө бир жылдай болду.

Ал эми Ош шаарында патрулдук милиция кийинчерээк ачылды.

Өлкөнүн башка аймактарында азырынча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кызмат жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2020-10-18 14:55:33
Ооба кыйраттынар
0
Nur777
2020-10-18 15:16:21
Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго иш козголду дегени чынбы? Люстрация башталдыбы?!!)
0
bekbol2006
2020-10-18 21:04:50
Жакшы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан