Биз социалдык тармакта

Бишкекте 7 жашар бала жоголуп, кайра табылды

Милициянын кайгуул кызматы адашып жүргөн баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү болжол менен саат 18:56 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Көлмө жаңы конушунда бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1992- жылы туулган М.Б. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:25 чамасында 7 жашар баласы үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайыны жок экендигин айтып, кызматкерлерден таап берүүсүн өтүнгөн.

Ыкчам издөө иш-аракетинин негизинде бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Өз кезегинде баланын апасы милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан