Биз социалдык тармакта

Коронавирустун экинчи толкуну. Кайрадан ыктыярчыларды топтоо башталды

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдетине кабылгандар күн санап кайрадан көбөйүп жаткандыгына байланыштуу "Кызыл жарым ай" коому ыктыярчыларды топтой баштады. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгерде ким ыктыярчы болууну каалап, жардам бергиси келсе "Кызыл жарым ай" коомунун жакын жердеги кеңселерине кайрылса болот.

Аталган уюм ыктыярчыларга негизги төмөнкү талаптарды койду: 18 жаштан 45 жашка чейинки жарандар болушу керек, иммунитети күчтүүлөр жана жабыркагандарга чындап жардам берүүнү каалагандар.

"Азыркы кырдаалда биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз өлкөнүн муктаждыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин түшүнүү керек. Бардык өзгөрүүлөргө даяр болушубуз керек", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sainazarov0555
2020-10-19 11:26:48
Иммунитет кучтуу экенин каяктан билебиз ?
+2
JaneEr
2020-10-19 11:50:13
sainazarov0555,кышында грипп женил ооруса,онокот оорулар жок болсо
+1
sainazarov0555
2020-10-19 12:27:20
JaneEr,Мм. . .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан