Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап жаткан ата-энеге октябрь айынын айлыгы 28 октябрдан 5-ноябрга чейин которулат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карап жаткан жеке жардамчылардын (ата-энеси) сентябрь айындагы кызмат акысы толугу менен төлөнгөн.
Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 7 миң 621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 7 миң 471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтөт.
Ошондой эле министрлик учурда ата-энелерге төлөмдөрдү борборлоштуруу маселеси иштелип жаткандыгын маалымдайт. Иш-чара өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.