Биз социалдык тармакта

Издөө салынат! 18 жаштагы Курбангүл Мамажанова 10 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө

Аламүдүн РИИБи тарабынан 9-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 2002-жылы туулган Курбангүл Мамажанова изделүүдө. Ал 9-октябрда Аламүдүн айылынын Гоголь көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-162 сантиметр, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен ылдый, күрөң, кой көз.

Кийимдери: күрөң түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү чыптама, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Курбангүлдүн кайда экенин билгендер болсо, Аламүдүн райондук милициясына же төмөнкү номерлерге 0(999) 21-07-09, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99, 0(312) 36-35-23 же "102ге" кайрылып коюуңуздарды өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан