Ушул жылдын 6-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын №249 токтомуна ылайык, 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Бул учурда мыйзамга ылайык, БШК бир айдын ичинде кайрадан шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтүн жарыялайт. Демек, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кайра шайлоонун мөөнөтү 2020-жылдын 6-ноябрына чейин жарыяланышы керек.
Кайра шайлоону өткөрүүдө мыйзамда кандай шарттар каралган жана ал кандай тартип менен өтөт? Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 36-37-38-беренесинде жазылган.
37-берене,3-бөлүк. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкү учурларда шайлоо болбой калды деп таанылат:
1) эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт;
2) эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;
3) эгерде талапкерлердин башка тизмесине караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкерлердин тизмеси үчүн шайлоочулардын добуштарынын саны шайлоочулардын бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын тизмесинде шайлоо бюллетендерин алганы жөнүндө шайлоочулар койгон колдордун саны, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - ошондой эле идентификациядан өткөнү жөнүндө чектер боюнча аныкталат.
37-берене 3-бөлүк, 6 пункт. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бир бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
2) соттун чечими боюнча.
38-берене. Кайра шайлоо
1. Эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылганда добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча, талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Талапкерлерди, алардын тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо, ушул конституциялык мыйзамда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
2. Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) шайлоонун жыйынтыктарын жана (же) натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоого катышкан жана кайра шайлоого катышууну каалоолорун билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында өткөрүлөт.
Буга чейин БШК кайра шайлоону өткөрүүдө шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскартыларын билдирген.