Анда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун мөөнөтү шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргенден кийин гана белгиленерин айтышканы маалымдалат.
"БШК кайра шайлоону өткөрүүдөн мурда парламентте жарандардын кызыкчылыгын көрсөтүүчү саясий күчтөргө мыйзам чегинде укуктук шарттарды түзүп бериши керек деп эсептейт. Буга байланыштуу БШК Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттарына төмөндөгүдөй сунуштарды кыска мөөнөттүн ичинде карап берүүсүн суранып кайрылган:
"Жыйындын алкагында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун укуктук жана уюштуруучулук аспектилери талкууланды. Шайлоо мөөнөтү белгиленгенден кийин ал 2 айлык убакыттын ичинде өтүшү керек. БШК мүчөлөрү кайра шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына чейин өткөрүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Бул өз кезегинде шайлоонун жыйынтыгын 2020-жыл аяктагыча чыгарууга мүмкүндүк берет" деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, кайра шайлоону өткөрүүдө анын жүрүшү бир катар айырмачылыктар менен өтөт. Алсак, шайлоо өнөктүгүнүн убактысы кыскартылат. Кайра шайлоону өткөрүү боюнча чечим кабыл алынгандан кийин 2 календардык күндөн кечикпей ЖМКларга бул тууралуу жарыяланат.