Бишкек мэриясы жеңилдетилген "Тулпар" карталарын берүүнү жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүндөн баштап биз жеңилдетилген категориядагы жарандарга "Тулпар" кызыл карталарын берүүнү улантып баштадык. Эртең мененки 09:00дөн кечки 18:00гө чейин төрт райондогу тейлөө борборлорунда берилет.
Бардык берүү пункттарында пенсионерлердин коопсуздугу үчүн санитардык талаптар сакталып, тазалагычтар орнотулуп, бет кап режими киргизилген", - деп жазылат маалыматта.
Берүү пункттары:
Ленин акимиаты - Чүй кең көчөсү, 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);
Октябрь акимиаты - Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);
Свердлов акимиаты - Чүй кең көчөсү, 28 (7-Апрель көчөсү менен кесилишет);
Биринчи Май акимиаты - Жибек Жолу кең көчөсү, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет).