Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отставкага кетти. Бул тууралуу маалыматты мэрдин кеңешчиси тастыктады.
Эске салсак, Суракматов буга чейин 6-октябрда дагы арызын жазып, ээлеген кызматынан кеткен. Бирок шаардыктар анын кайтып келишин талап кылган акция уюштургандан кийин кайрадан өз ордуна келген.
Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп 2018-жылдын 8-августунда дайындалган.