22-23-сентябрь күндөрү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык милдетин аткаруу учурунда көз жумган милиция кызматкери Нурлан Сайдиевдин элесине арнап спорттук мелдеш өткөрүштү. Иш-чара шаардагы борбордук стадиондо өтүп, ага Ош облусунан сырткары Жалал-Абад, Баткен облустарынын укук коргоо кызматкерлери катышты. Эки күнгө созулган мелдеш ордо, кол күрөш, гиря көтөрүү жана башка спорт түрлөрү арасында өттү.
Эске салсак, Нурлан Сайдиев 2004-жылы 20-ноябрда кызмат учурунда жүрүп, Ош шаарында ВАЗ 2106 автоунаасын токтотуп, тинтүү учурунда жардыруудан улам каза болгон.