Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "171 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилди"

171 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Компенсациялык төлөмдөр боюнча иш алып барган комиссиянын кароосуна 1 миң 901 документ келип түшкөн, анын ичинен 171 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилди. 200 миң сом өлчөмүндөгү каражат илдетке чалдыккан 147 кызматкерге жана 1 миллион сомдон акча каражаты оорудан каза болгон 24 кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөндү. Андан сырткары, 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, анда дагы 133 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилиши каралды. Алардын ичинен ооругандар – 130 болсо, каза болгондор – 3 кызматкер”, - деди Үсөнбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан