Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетиши боюнча маалымат жыйын берди. Анда мэрдин милдетин жаңыдан биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев аткара турганы айтылды. Түлеев коомдук транспортторду кантип иретке келтирерин айтты.
"Коомдук транспорт тууралуу маселени 10 жылдан бери айтып жатабыз. Автобустарды бекер алып келгенбиз. Ошондо 1 миң автобус керек болчу. 7-апрель окуясы орун алып калып калды. Бул маселе боюнча иштейбиз. Каражат болсо баары болот. Маршруттук такси боюнча дагы карап чыгабыз", - деди Түлеев.