Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкекте Нариман Түлеевге каршы митинг өтөт

Эртең, 21-октябрда Бишкекте Нариман Түлеевге каршы митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык активист Төрөхан Жунусбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу мекендештер, эски Бакиевдин кадры Нариман Түлеевди кетирүү митингине чакырабыз. Митинг эртең саат 10:00дө мэриянын имаратынын алдында өтөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн Нариман Түлеев биринчи вице-мэр болуп дайындалды. Мэр Азиз Суракматов кызматтан кетип, мэрдин милдетин Түлеев аткармай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
shejol
2020-10-20 15:54:02
Бакиевдин эле кадыр..ы басып алды го,жакында ал да келип калса таң кылмыштын деле кереги жок болуп калды окшойт(бир нерсе десең ГКНБ болбосо"аппак"достору коркуткан заманга барат окшоп калдык..!)
+5
nazira...
2020-10-20 15:59:05
Не кылышат эми. Бишкекти Бишкек кылган Тулеев эле го. Элге озу не жагат билбейм. Суйунушпойбу, столица кылат эми коросунор. А то Ош сонун болуп кетти го.
+2
bessmertiy
2020-10-20 16:04:47
Түлеевдин Бишкек шаары үчүн жасаган ишин унуткан манкурттар эле митингге чыкпаса. Түлеев убагында Бишкекти кандай өзгөрттү эле.
+4
Jacob.
2020-10-20 16:09:01
Кайсы мазгалар митинг кылышат экен?!
+3
bessmertiy
2020-10-20 16:14:07
Jacob.,төрөхан жунусбеков имиш. Ушундай активист дегендерди кырып эле салыш керек болуп калды. Өздөрү иштебейт же, бирөөнү иштетпейт. Ошол активистти Түлеевге жардамчы же орун басар кылып койсунчу иштей алат бекен, көрөлүчү?
+3
aybek88
2020-10-20 18:30:44
bessmertiy,төрөхан жунусбеков парламенттик шайлоодо мекенчил партиясында болчу
+2
aybek88
2020-10-20 18:30:22
Jacob.,Мекенчил партиясынын депутаты
+1
aybek88
2020-10-20 18:31:05
Jacob., тороханга кызмат жетпей калганго садыр авасынан
+10
Mina24
2020-10-20 16:11:53
Нариман ондойт борборду
+6
AdylbekB84
2020-10-20 16:12:43
Жаштар келсин деген сайын, бул бийлике эмне болду, ишенген сайын!
+4
basyz-kaman
2020-10-20 16:19:10
Садыр Жапаров айткандай Акаевдин, Бакиевдин, Жээнбековдун кадры дегенди токтоткулачы түркөйлөр! Жакшы иштейби иштетиш керек.
+17
sotkasotovic
2020-10-20 19:49:23
basyz-kaman
Эн туура
+6
Arai92
2020-10-20 17:35:50
Мен каршымын
+5
JaneEr
2020-10-20 17:36:33
Манкурттар.Кыларга иштери жок.Ковидди жуктуруп жанинар тынат митингден.
+6
bond02
2020-10-20 17:45:37
Кимдин кадры экенин эмне кыласынар, ишти жакшы алып барса болду да. Кыргыздын ишенген куралы эле митинг болуп калды. Кармап турмого тыккыла ушундай элди боодо дурботкон немелерди.
+7
Aman_Mansurov
2020-10-21 02:03:15
Жакшы иштеген адам негизи бизге жакпайт,иштебеген акча жеген адамдарды колдоп жүрө бергенден тажаган жоксуңарбы? Нариман Бишкекти гүлдөттү элего өз убагында.аны унутуп калдыңарбы? Азыр Бакиевтин, Атамбаевтин, Жээнбековдун кадры деген нерсе жок. Иштейм деген адамды иштетиш керек.
+2
KG_7755
2020-10-21 07:39:05
Митингиңерди токтотпойсуңарбы. Тажатып бүттүңөр го. Тынч жашоо качан болот деги? Бакиевдин кеткени качан, мышыгыңар тууп койсо да, Бакиевдер күнөөлүү, Бакиевдер менен кимдер гана иштешкен жок. Убагында Түлеев башкаларга салыштырмалуу жакшы иштеген. Иштесин. Оокатынарды кылгыла, кышка даярдык көргүлө, аянтта колоктоп жүрө бербей.
+2
Akoga
2020-10-21 10:20:28
Адагенде Түлеев кандай иштеди эле. Президентер менен койун колтүк алышып, ичине кирет да республикалык бюджеттен акчаларды ашыгы менен бөлдүрүп алып,шаарды оңдогон, башка жолу жок.мындай метод менен шаардыктардын өз акчасынан 30% пронцентин шаарга берсинчи көчөдө жүргөн адам деле гүлдөтөт. Бишкек шаарынан мамлекеттке бюджеттин бери дегенде эле 60%түшөт
+1
Akoga
2020-10-21 10:21:57
Кеп Түлеевдин соттолгон кылмышкер болгонунда. Бул оорунга татыксыз.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан