Бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, таңкы саат 05:08де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. "Жер титирөө Бостон, Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5 балл жана Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдирди ӨКМдан.