Биз социалдык тармакта

ИИМдин жаңы орун басарлары өздүк курамга тааныштырылды

Вице-премьер министр ИИМдин өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басарларын тааныштырды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-октябрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов менен өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары өздүк курамга ички иштер министринин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжоевди тааныштырды.

"Аталган орун басарлар премьер-министрдин буюрутмасы менен дайындалгандыгын эске салабыз. Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, министрликтин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты", - деп жазылат маалыматта.

Октябрь Урманбетов мурда Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси кызмат ордунда 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январь айына чейин иштеген.

Эркебек Аширходжоев ИИМдин Тергөө кызматынын башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Ал эми ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген жана ИИМдин кадрлар карамагында болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан