Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Аскарбек Шадиевдин коррупция, мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча иштери тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын ведомстволор аралык төргөө тобу менен УКМКнын иликтөө иштери аягына чыкты. Анда Жазык кодексинин 319 "коррупция" жана 215-беренелери "кылмыштуу кирешелерди адалдоо" менен айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев жана Аскарбек Шадиевге карата козголгон иштер каралды.
А.Атамбаев жана А.Шадиев жана башкалар мамлекетке чоң суммадагы 13 миллиард 694 миллион 673 миң 937 сом зыян келтиргени айтылат маалыматта.