Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мэринин иш бөлмөсүндө чыр чыкты

Бүгүн, 21-октябрда мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев иш бөлмөсүндө митингчилер менен жолугушуп жатканда, шаардык кеңештин бир катар депутаттары кирген. Алар мэр легитимсиз экенин, Түлеев иш бөлмөдөн чыгып кетиши керек экенин айтышты.

Кыйкырык менен коштолгон чырга сырттан кирген белгисиз адамдар кошулду. Алар Түлеевдин тарапташтары болушу мүмкүн.

Эске салсак, 20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган. Ал эми бүгүн буга нааразы болгон тараптар шаардык мэриянын алдына митингге чыгышты.

Бишкек шаарынын мэринин иш бөлмөсүндө чыр чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-21 16:48:37
Ажу гужу, баары бутту. Эски чиновниктер, кунунор бутту! Чык эшикке!!!
+5
Jacob.
2020-10-21 17:23:29
Пок жетпеген итке окшобой үйүңөргө жоголгулачы...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан