
Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай кырсыкка кабылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 20-октябрда болжол менен саат 20:00 чамасында 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаран Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа менен Салиев көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жатып, Ауэзов көчөсүнүн кесилишинен рулду башкара албай, троллейбустун электр чубалгылары тартылган мамыны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда унаа айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.