Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! 23-24-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүлүп, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт

23-24-октябрда республиканын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 …+2, түндүгүндө 0…-5 градус суук, күндүз +3… +8 градус жылуу;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10 градус жылуу;

Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2020-10-21 19:40:42
Оппа эми грипп кобойо баштайт экен да, кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан