Ыктыярчылар 2 сааттан ашык убакыт бою коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтапты ооруканага жаткыра албай убара болгону тууралуу видео интернетке жарыяланды.
Анда видеонун автору эки тараптуу пневмония менен жабыркаган бейтапты Воронцовкадан алып баратканын, анын кан басымы жогору экенин, сатурациясы 72ге түшкөнүн айткан. "Бейтапты эч ким кабыл алган жок, жандандыруу бөлүмдөрүндө орун жок. 4 оорукана кабыл алуудан баш тартты", - деген ал.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен бош орундар жок деген билдирүү чындыкка дал келбей тургандыгын айтат.
"20-октябрда ыктыярчылар 54 жаштагы бейтапты ооруканаларда бош орундар жоктугуна байланыштуу жаткыра албай жаткандыгын айтып чыгышкан. Бирок алар ыкчам медицина борборуна кайрылышкан эмес. Бул тууралуу аталган борбордун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди. Анын айтымында, эгер ыктыярчылар видео тарткандын ордуна "Тез жардам" борборуна кайрылышканда, бейтапты эртерээк ооруканага жаткырышмак", - деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле министрликтен бүгүн, 21-октябрга карата борбор калаадагы стационарларда 400дөн ашуун бош орундар бар экенин кошумчалашты.