Бүгүн, 21-октябрда Максатбек Токтомушев дин аалымдары Абдишүкүр Нарматовго, Садыбакас Дооловго жана маркум Чубак Жалиловго "Айкөл" орденин тапшырды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
"Бул сыйлыктар 2020-жылдын март айында Бишкек шаарында өтүүчү "Абу Ханифа мазхабынын Орто Азиядагы орду" аталышындагы Эл аралык конференцияда тапшырылмак. Тилекке каршы, Эл аралык конференциябыз пандемияга байланыштуу токтоп, белгисиз мөөнөткө жылган эле. Сыйлыктарды тапшыруу пандемияга байланыштуу бүгүнкү күнгө туш келди", - деди муфтий.
Муну менен катар азирети муфтий, маркум Чубак Жалиловдун кыргыз элинин жан дүйнөсүн шарият көрсөткөн тартипте байытып, коомубуз үчүн жасаган эбегейсиз эмгеги үчүн элибиздин эсинде түбөлүк сакталып кала тургандыгын баса белгилеп, "Айкөл" орденин уулу Абдуллого тапшырды.
"Айкөл" ордени Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эң жогорку даражадагы ордени. "Айкөл" ордени элдин руханий жан дүйнөсүн байытууга, мамлекеттин ынтымагын, тынчтыгын, биримдигин, бүтүндүгүн сактоого жана элдин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылат.