Биз социалдык тармакта

"Театралдык" гүл багындагы пианинону кайрадан сындырып кетишти

Бишкектин "Театралдык" гүл багындагы шаар тургундары үчүн коюлган пианинону кайрадан сындырып кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пианинону кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Олуттуу зыян келтирилген жана жаңысына алмаштырууга туура келет.
"Бул боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жакында гана аталган гүл бакчада белгисиз адамдар пианинону бузуп кеткен. Мэриянын кызматкерлери алардын изи сууй электе кармоого жетишип, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Бир айдан кийин сындырып кеткен адамдар жаңы пианинону орнотушкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
NURSAPAR
2020-10-21 22:12:01
Жапайычылыктан арылбайт окшойбуз абдан өкүнүчтүү......
+29
Shabi
2020-10-21 22:29:00
Чондор куноолу чондор болбосо сынбайт болчу(тамаша)ушу негизи чондорду эмес,биринчи озубузду иллюстрация кылыш керек да.озубуз дагы ушундай мал адамдардын тазаланып,озубуз айбанчылык кылабыз да анан чондорго иллюстрация деп кыйкырып коеобуз.
+20
Apyn8793
2020-10-21 22:33:54
Пианинону сындырганар эгер окуп атсанар силер МАЛСЫНАР.
+19
Shabi
2020-10-21 22:37:25
Apyn8793,Ал сындыргандар бул сайтка кирип каментари окуганга мээлери жетпесе керек.мээлуу Адам ушуну кылабы.
+19
narynbek2001
2020-10-21 23:01:19
Shabi,
Ошол жака камера орнотуп койгула
+10
nazira...
2020-10-21 22:44:54
Койбой эле коюшсунчу, жалко. Адам падам эмес да ким болсо да. Сындырган колу, буту шал болсун ошонун. Жетет болуш керек
+8
algakaray
2020-10-21 23:21:23
Мал дагы айланып отот. Тийбейт. Малдан дагы томон экен. Ошону булдуруп эрдик коруп атабы?
+10
Nina.alex
2020-10-22 00:32:57
Малга тенеп малды таарынтпагыла
+9
AdylbekB84
2020-10-22 01:38:52
Жашоодон тажап өчүңдү жаны жок мүлктөн чыгаргың келип жаткан болсо өзүңдүн үйүңдү талкала- сындыр, мага десе өрт кой, эч болбосо өзүңдү асып ал! Сага окшогондордон коомубуз бир жиндиге азайганы, биз үчүн бакыт!
+5
Chungyz
2020-10-22 14:27:22
Темирден сваркалап жасап койгула болду бутот проблема
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан