Биз социалдык тармакта

Эртең Ош шаарында жылуулук бериле баштайт

Эртең, 22-октябрдан баштап Ош шаарында жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аба ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөндүгүнө байланыштуу Ош шаарында эртең, 22-октябрдан тартып 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинде жылуулук бериле баштайт.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 21-октябрда кол койду.

Айта кетсек, “Жылуулук камсыздоо” ишканасы шаарга жылуулук берүүнү баштагандан кийин, 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2020-10-21 18:28:26
Урааа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан