Биз социалдык тармакта

Жаңы өкмөттөн эмнени күтөсүз? (сурамжылоо)

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 20-декабрда боло турганы бүгүн белгилүү болду. Буга чейин парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы партия өкүлдөрү митинг өткөрүшкөн. Бирок тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланган. Ал эми 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Азыр бийлик алмашып, мурунку президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, кош бийликти Садыр Жапаров колго алды. Биз жарандарга "жаңы бийликтен эмнени күтөсүз жана кандай талаптарыңыз бар?" деген суроо менен кайрылып, алардын пикирин уктук.

Алар кандай пикирде толук видеосюжеттен көрүңүз.

Жаңы өкмөттөн эмнени күтөсүз?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2020-10-25 14:42:24
Чек араны бекемдөөнү, митинг-пикеттерге тыюу салууну, түзүлгөнүнө 5 жылдан кем болгон убактылуу дежур партияларды шайлоого катыштырбоону, коррупцияга каршы күрөштү, саясатты токтотуп чарба жана өндүрүш менен алектенүүнү күтөм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан