Бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Ички иштер министрлигинен келип, бардык кызматкерлерди сурак беришин талап кылган. Учурда бул боюнча жыйын өтүүдө.
"Шайлоо 2 айдын ичинде өтүшү керек эле. Бүгүн парламенттик шайлоо датасы 20-декабрга коюлду. Биз күрөө акысын төмөндөтүү, шайлоонун пайызын азайтуу жана Форма 2 боюнча сунуштарды премьер-министрге жөнөттүк.
Ошондой эле премьер-министрге, Жогорку Кеңешке кыска убакыттын ичинде шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип берүүгө кат түрүндө кайрылдык. Бүгүнкү күндө календардык планды кабыл алдык. Жогоруда айтылган өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш кабыл алат деп ишенебиз", - деди Нуржан Шайлдабекова.