Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы болуп Руслан Мейматкулов дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал эми буга чейин аталган кызматты Болотбек Дыйканбаев аткарып келген. Ал кызматынан бошотулду.