Финполдун эмгек жамаатына жаңы орун басар Бакытбек Гайназаров тааныштырылды

Бүгүн, 12-ноябрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жамаатына төраганын жаңы орун басары Бакытбек Гайназаровду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Максат Мамытканов белгилегендей, учурда коррупцияга каршы күрөшүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Буга байланыштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, тактап айтканда, төрага орун басарына чоң жеке жоопкерчилик жүктөлгөн.

Мамытканов Бакытбек Гайназаров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын алдына коюлган максаттарды толук жактай тургандыгына ишеним билдирген.

Жыйынтыгында Максат Мамытканов жаңы орун басарга ишиндеги ийгиликтерди жана мыкты натыйжалардын жаралышын каалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан