Биз социалдык тармакта

Элтаазим, Максемус. Быйыл төрөлгөн наристелерге коюлган сейрек ысымдар (тизме)

Быйыл наристелерге эң көп коюлган ысымдардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 9 айда Кыргыз өлкөсүндө 114 миң 823 төрөлгөн ымыркай наристе катталган. Алардын арасынан ысымы сейрек кезигүүчүлөр аталды.

"Ата-энелер көбүнчө уулдарына жана кыздарына Умар, Алинур, Раяна жана Амина сыяктуу эң популярдуу ысымдарды тандашат. Бирок жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында 2020-жылы катталган адаттан тыш ысымдар дагы болду. Алсак, балдарга Артыкалы, Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Лелин, Максемус деген ысымдар берилди.

Ал эми кыздарга берилген сейрек кездешкен ысымдар: Доминика, Марсиана, Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман, Балкыял", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tavanova.sarah
2020-10-21 20:47:07
Айланайыыын))
Ошондо кийин Элалова, Максемусов, Алистер Белекова болобу))
Озубуздун эле жапжакшынакай ысымдарды койсо болбойбу((
+10
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-10-21 21:01:40
Максемус?
+3
bond02
2020-10-21 21:48:56
Интернет чукулап отуруп эле коюп койгон го бул аттарды.
+3
Haanykeim
2020-10-21 23:13:04
Девора чоңойгондо ата-энесине,атым эмнени түшүндүрөт десе эмне деп жооп берет болду экен .Девор деп өзбектер эшикти айтат.Эмне эле болуп атабыз барган сайын..
+4
Aimani
2020-10-21 23:55:00
Бул жалаң кыргыздар койгон ат болбосо керек. Бизде көп улуттар жашайт да.
+5
aika0906
2020-10-22 00:12:04
Страшный аттар го ,элестеткиле баланы добрыня деп чакырып атканыны же Лелин деп
+1
Adi010891
2020-10-22 08:39:08
Маанисин оздору деле билбесе керек
0
munduz2016
2020-10-22 10:12:59
Кыргызчасы жок го?
0
Aliza_96
2020-10-22 10:38:02
Добрыня деп укмуш го)))
+1
oshondoiraak
2020-10-22 12:27:19
Добрынский десен, Ленин дейби олдуго, калганы казакчаго, Трамп коюп албагыла анан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан