Биз социалдык тармакта

Митинг кылып жаткан "Манас" аэропортунун кызматкерлери тарап кетишти

Бүгүн, 22-октябрда митингге чыккан "Манас" Эл аралык аэропортунун кызматкерлери саат 12:00дө тарап кетишти. Учурда абал тынч. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, митингге жалпы 40ка жакын адам чогулган. Алардын арасында чоочун адамдар да болгон.

"Бүгүн аэропорттун унаа токтотуучу жайына 40ка жакын адам чогулду. Анын ичинде аэропорттун кызматкерлеринен сырткары башка дагы чоочун адамдар болгон. Чогулган тарап башкармалыктын жаңы төрагасын дайындоого каршы экенин билдиришкен. Ал эми алар менен жетекчилик тараптан ишкананын туруктуулугу жана тынчтыгы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин тарап кетишти. Азыр абал тынч", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, "Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми аталган аэропортто 3 миң кызматкер эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан