Бүгүн, 22-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, Руслан Казакбаевди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу күтүлүп жатканы маалымдалат.
"Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Орусиянын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугат. Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, саясий соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланат. Ошондой эле эки тараптуу Кыргыз-Орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда" - дешти элчиликтен.