Биз социалдык тармакта

Кыргызча ырдоого тыюу салган эс алуу жайы окуя үчүн кечирим сурады (видео)

"Империя пиццы" эс алуучу жайы кафедеги караокеде кыргызча ырларга тыюу салган окуя үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу видео кайрылуу аталган эс алуу жайынын социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

"Биздин компанияда кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес. Администратордун пикири биздин компаниянын позициясына туура келбейт. Коногубуз менен туура эмес кырдаал болуп кетти, ошондуктан кечирим сурайбыз. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт. Ошол үчүн ар бир катабыздын кийин кайталанбашына аракет кылабыз", - деп айтылат видео кайрылууда.

Белгилей кетсек, 21-октябрда интернет желесине видео тараган. Анда кафеде отурган жигит караокеде аткаруу үчүн кыргызча ыр суранган. "Империя пиццы" эс алуучу жайынын администратору кыргыз тилинде ырдоо мүмкүн эмес экенин, бул компаниянын чечими экенин айткан.

Видеодон коноктун "бул үчүн компанияны сотко берсем болот" деген сөзүнө "маселе жок" деп жооп бергенин угууга болот.

Кыргыз тилинде ырдоого тыюу салган "Империя пиццы" эс алуучу жайындагы окуя
Кыргызча ырдоого тыюу салган “Империя пиццы” эс алуучу жайы окуя үчүн кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
rysik79
2020-10-22 16:43:25
Түштөн кийин калп эле империяда пол жууган кызга макияж жасап сүйлөтүп коюшуптур го.
+20
rysik79
2020-10-22 16:46:16
Ошол кыргызча аңкылдаганга болбоойт деген евро кыз өзү кечирим сураса жакшы болмок.
+27
Oven
2020-10-22 16:56:55
Ошол кыргызча болбойт деген администраторду кечирим суратып, ананжумуштан айдап салууну корсоткуло! Бул Кыргыздын элинин талабы!
+30
Snare
2020-10-22 16:57:07
Кыргызстанда журуп кыргызча ырдай албасак буткон экенбиз.Империясын кошуп жок кылыш керек.Откондо митингчилерди чакырат окшойбуз орттоп ийшиле деп))
+37
ooki8888
2020-10-22 17:10:17
Тыйуу салган адам кечирим сурасын!!!
+17
Chungyz
2020-10-22 17:12:10
Пиццанар менен кошо жоголгула ото озунорго туура эмес реклама кылып алдынар
+25
metsenat
2020-10-22 17:12:11
Жаап салыш керек мындай позорлордуу,тфу тфу дагы тфу силерге....
+20
bond02
2020-10-22 17:56:41
Кыргыз тилге кошкон "салымы" учун олчойто салгыла штрафы. Кыргызча кайда барып ырдайлы анан.
+19
tynar92kg
2020-10-22 18:25:28
Калп эле актанбай. Мындан кийин кардарды тейлөөдө кыргыз тилинде сүйлөгүлө.
+16
Asman779
2020-10-22 18:30:05
Империя пиццы эмес Эми башка империя болдунар
+10
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-22 19:53:22
Болду экинчи барбайм мындай акмактарга
+14
maks94.kb
2020-10-22 22:31:17
Барбай койсок оздору эле жок болушаттар
+11
Nur777
2020-10-22 22:45:23
Ошол администраторду жумуштан алсын,жазасын алсын да!!!
+4
Zimzimemir
2020-10-23 07:39:47
Оо копкон экенгоо ээ,Кыргызстан да кыргызча ырдай албасак
+6
nazarnew
2020-10-23 11:37:16
Өзү Бишкекте ошондой көп да, кыргызча сүйлөсөң эле ты айылский болуп каласың, или орусча жооп берчи деп куйдурушот, бул только мелочи го, башка толтура клубдар бар, только орусча ырдайсың, бул өзүбүздүн менталитеттен, просто өз тилибизди вообще сыйлабайбыз, кыргыздар бири бирибиз менен олтуруп алып орусча сүйлөшөбүз, как будто орустар за этого ко.. өөп койгондой.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан