Биз социалдык тармакта

УКМКнын сот системиндеги коррупция боюнча тараткан маалыматына Жогорку Сот расмий жооп берди

Жогорку Сот УКМКнын сот органдарындагы жооптуу кызматтагы адамдардын коррупцияга аралашканы тууралуу тараткан маалыматына расмий жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Жогорку Соттон билдиришти.

Анда Жогорку Сот өздөрүнүн түзүмүндө коррупциялык көрүнүштөр менен үзгүлтүксүз күрөш жүргүзүп келгенин жана мындан ары да күрөштү улантарын маалымдашкан.

"Бизде сот болобу же соттук органда иштеген кызматкер болобу коррупциялык элементтерге аралашкан болсо, алардын иш-аракеттерине каршы күрөш ар дайым жүрүп келген. Мындан улам Улуттук коопсуздук комитетинин Жогорку Соттун жетекчилигин мыйзамсыз иш-аракеттерге күнөөлөгөн билдирүүсү түшүнбөстүктү жаратууда. УКМКнын мындай тондогу билдирүүсү жазыксыздык жоромолунун конституциялык принциптерине каршы келет. Сот системинде иштеген кызматкерлер арасында коррупциялык иштерге баргандар болсо, Жогорку Сот тергөө чындыгында эле күнөөлүүлөрдү аныктайт деп ишендирет", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekov01
2020-10-22 23:17:33
Жогорку соттун торагасы жумуштан кетиш керек. Азыр сот адилеттуу чечим чыгарбай калган
+9
Jelezo
2020-10-23 06:45:52
Соттордо 2010 жылга чейин кичине абиир бар эле азыр өлдүңөр акчанын артынан томолонуп.
+4
Zimzimemir
2020-10-23 07:45:23
Биздин соттор акча десе ,атасын кошо сатып калыштыгоо ,анан эле актанып чыга калышад уялбай
+3
rola
2020-10-23 07:54:37
Акчаны чонтокко салып коюушуп канчалаган бей куноо адамдарды соттоп жиберишти!
+3
asman.81
2020-10-23 08:46:46
Райондук соттон баштап,Жогорку сотко чейин акча албадым деген сот озу жок.Калп эле актаныштын не кереги бар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан