Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун биринчи иш сапары Кочкор районунан башталат. Ал 25-октябрда Кочкор районуна барат.
Жапаров эмне маселе боюнча иш сапарга барарын өкмөттүн басма сөз кызматы азырынча билдире албай турганын айтышты. "Бул боюнча эртең маалымат беребиз. Азырынча план бекитиле элек", - деп өкмөттөн SUPER.KG порталына билдиришти.