22-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров Ак Үйдү эртерээк оңдоп баштоо керек экенин билдирди. Айтымында, имаратты оңдоого 450 миллион сом сарпталышы мүмкүн.
“Азыркы учурда БШКнын иши токтоп калды. Жогорку Кеңештин ишин жана парламенттин имаратын калыбына келтирүү талап кылынып жатат. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Ак Үйдү калыбына келтирүүгө болжол менен 450 миллион сом керектелиши мүмкүн”, - деди Жапаров.