Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда акыркы 9 айда 3 миң 681 кылмыш иши катталган

Өткөн сутка ичинде облус боюнча 23-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 22 кылмыш катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

22-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги башкармалыктын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыгы чыгарылды.

2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 6593 кылмыш менен жорук катталган. Аларын ичинен 3681 кылмыш, 2912 жорук. Тергөө кызматынын сатистикалык отчетунун негизинде 71,3% кылмыштын бети ачылган. Негизинен Жалал-Абад ОИИБинин 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп табылды. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан