Биз социалдык тармакта

Тогуз айдын ичинде жарандардын даттануулары боюнча 16 салык кызматкери жазаланды

2020-жылдын 9 айынын ичинде келип түшкөн жарандардын даттануулары боюнча 16 салык кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекеттик салык кызматына 2020-жылдын 9 айында жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 95 кайрылуу жана даттануу келип түшкөнү маалымдалат. Анын ичинен:

  • жазуу жүзүндө – 40 билдирүү;
  • электрондук почта аркылуу – 34;
  • “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш” номерине – 21 билдирүү келип түшкөн.

"Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 20 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 56 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү болсо, 19 – ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттө каралды. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 16 кызматкер жазаланды, анын ичинен 2 кызматкер кызматтан бошотулду, экөөнө катуу сөгүш, 5 кызматкерге – сөгүш, 4 – эскертүү, 1 – ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды жана 2 кызматкер ротацияланды. Мындан тышкары кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузуулары тууралуу 20 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза чаралары колдонулду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zanzibara
2020-10-24 14:49:03
Электрондук патентти мурда смартфон сотка менен эле мөөнөтү бүткөндө улантып кетип жаткан элек. Мына үч айдан бери программа өзгөртүлүп андай мүмкүнчүлүк болбой калды. Сотка менен улантуу мүмкүн болбой, компьютер менен гана улантып жатабыз. Ал үчүн салык кызматына баруу керек же көчөдө интернет кызмат көрсөткөн комп клубдарга кирүү керек!!! Супер инфо ушул жагдайды тиги салык кызматынын жетекчилигине жеткирип койсоңор жакшы болот эле!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан