Ленин РИИБинин кызматкерлери август айында жансыз абалда табылган адамдын жакындарын табуу боюнча жардам сурайт. Бул тууралуу РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын август айында Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-180 сантиметр, чачы ак баскан, орто дене түзүлүштө. Маңдайындагы тиштери металлдан жасалган.
Кийген кийимдери: кара футболка, жынсы шым.
Кимде-ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билген болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0705 450-553, 0553 102-465, 0312 352-605 жана 102.