Машыктыруучу Айсулуу Тыныбекова олимпиадага кайрадан даярдык көрүп, күнүнө 6 сааттык машыгуудан өтүп жатканын айтты. Жакынкы бир апта аралыгында Польша мамлекетинде өтүүчү эл аралык тестирлөө мелдешке катышууга даярдык көрүп жатканын кошумчалады.
Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Азиянын үч жолку чемпиону (2016, 2017 жана 2019), 2018-жылы Индонезиянын борбору Жакарта шаарында өткөн XVIII жайкы Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси жана 2019-жылы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү.