Биз социалдык тармакта

Коронавирустун белгилери жана алар пайда болгон убакта кайда кайрылуу керек экени айтылды

Коронавирустун белгилери жана алар пайда болгон убакта кайда кайрылуу керек? Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 вирусунун кеңири тараган белгилери:
• чыйрыгуу;
• кургак жөтөл;
• чарчоо.
Айрым бейтаптарда байкалган, кез-кезде пайда болгон белгилер:
• жыт же даам сезбөө;
• мурундун бүтүшү;
• конъюктивит (же көздөрдүн кызарышы);
• тамак оору;
• баш оору;
• булчуңдардын жана муундардын оорушу;
• териде ар кандай бүдүрлөрдүн пайда болушу;
• көңүл айлануу же кусуу;
• ич өтүү;
• чыйрыгуу же баш айлануу.

COVID-19 вирусунун оор формасын төмөнкү белгилерден билүүгө болот:
• дем алуунун жетишсиздиги;
• табиттин жоголушу;
• аң-сезимдин баш аламандыгы;
• көкүрөктүн катуу оорушу же кысылуусу;
• дене табынын көтөрүлүшү (38°C жогору).

Аталган белгилердин бири пайда болгон учурда:
өзүңүздү изоляциялоого алыңыз;
өз алдынча дарыланбаңыз;
жашаган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медицина бөлүмүнө чалыңыз, ошондой эле төмөнкү телефондорго байланышыңыз:
118 - 08:00дөн кечки 20:00гө;
112 (күнү-түнү);
103 - тез медициналык жардам борбору;
1833 - маалымдама кызмат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-10-23 23:32:45
Кудайым сактааа!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан