Биз социалдык тармакта

"Төө-Ашуудагы" жол тыгыны бир кадр менен. Министрлик унаалар акырындык менен өтүп жатканын билдирет

Бүгүн, 23-октябрда өлкөнүн тоолуу аймактарына кар жаады. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу "Төө-Ашуу" ашуусунда жол тыгыны жаралып, анда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилген.

Бишкек-Ош унаа жолундагы кечки убакка карата абал менен окурманыбыз тааныштырып, сүрөт менен бөлүштү. Андан унаалардын жарыгын күйгүзүп, баш-аягы көрүнбөгөн кезекте турганын байкоого болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жол тыгыны боюнча аткарылып жаткан иштерине ылайык, учурда унаалар акырындык менен өтө баштады.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 124-125-чакырымындагы унаа тыгыны жоюлуп, унаалар акырындык менен өтүүдө. Саат 22:00гө карата Бишкек-Ош унаа жолу ачык. "Өтмөк" жана "Ала-Бел" ашууларында кар себелеп жатат", - дешти мекемеден.

Аба ырайы боюнча: Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында жамгыр себелеп жатат, ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан