
Долон ашуусунда кардын калыңдыгы 2 сантиметр, жол тайгак. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда кардын калыңдыгы 2 сантиметр. Жолдор тайгак болууда", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин 23-24-октябрда республиканын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөрү эскертилген.