Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапарда Жапаров Кочкор районунун Мантыш айылында курула турган социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышат. Ошондой эле анын курулуш долбоору менен таанышат.