Биз социалдык тармакта

Айсулуу Тыныбекова улуттук кийим кийип, узун өрүлгөн чачы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова улуттук кийим кийип, узун өрүлгөн чачы менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Биз көптөн бери улуттук стилде фотосессия уюштурууну каалап, акыры пландарыбызды ишке ашырдык. Бул менен биз эки доорду айкалыштыра алдык. Кызыл кең көйнөк менен чагылдырылган заманбаптыкты жана салттуу тебетей, чыптама, зер буюмдар аркылуу элибиздин кылымдык тарыхын айкалыштырдык", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Азиянын үч жолку чемпиону (2016, 2017 жана 2019), 2018-жылы Индонезиянын борбору Жакарта шаарында өткөн XVIII жайкы Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси жана 2019-жылы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Tymar
2020-10-25 10:32:47
Азаматсыз. Кыздар дайыма сулуу, жакшынакай, жылдыздуу болуп журо бергиле. Кыздын көркүн чач ачат. Ошондуктан кыздар чачынарды жасап, кое берип жургонунор жакшы.
+8
bond02
2020-10-25 11:35:48
Куйоого тийейин деген ой да.
+2
JaneEr
2020-10-25 13:58:28
bond02,куйоого тийген
-1
bond02
2020-10-25 16:02:05
JaneEr,кой де.
0
nurka_85
2020-10-25 13:08:35
Башканы сындасаңар да Айсулууну сындагандан уялсаңар. Күйөөгө тийгиси келсе Айсулууну алсам дегендер толтура. Биздин сыймыктуу кызыбыз, чемпионубуз, бактылуу бол,дайыма ийгилик колдоп жүрсүн!!!
+15
Jelezo
2020-10-25 13:38:17
Бактылуу бол, азамат кызсын көчө таптаган жигиттерден 1000 эсе өйдөсүн.
+6
nazira...
2020-10-25 14:59:20
Дагы башка турлорунон кийдирип тартышса болмок, аппак тустогу нац.кийимдер да сонун жарашат болуш керек. Аттын жанында тартса, вообще спорт менен айкалышып калмак.
+4
Akzholtoi_Zhamashbekova
2020-10-25 15:25:07
Жаңылмырзанын образына дал келиптир! Айсулуу баарынан да эң сулуу❤️
+7
jaz99
2020-10-25 19:47:26
Ушул кыз жагат мага
+5
asash
2020-10-25 22:28:44
Мына кыргыздын кызы, улгулуу, жаш, ийгиликке жеткен адам, урматтуу кыргызымдын кыздары, улгу алгыла, эн сонун, бактылуу бол, Айсулуу, буйруса олимпийский чемпион болушунду баардык Кыргызстанлыктар тилеп олтурушат. Ийгилик сага!
+4
senchi
2020-10-26 11:27:15
Абдан сулуу,бирок чачы ушундай узун болуп өсүп калдыбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан