Ак Үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат. Аны Ак Үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 миллион сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", - деп жазды Садыр Жапаров.