"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Ач болсо - азык, ток болсо - казык - дайыма жанга күйөр, арка-тирек болор деген мааниде колдонулат. Мисалы: "Ач болсо - азыгыңмын, ток болсо - казыгыңмын" деп толгонуп турдум. (Ш.Үмөталиев).
2. Ашыгы алчы туруу - иши оңолуу, тилеги орундалуу, максатына жетүү. Мисалы: Эгиндүүлөрдүн ашыгы алчы туруп, өтө кылдаттык менен туйтуна башташты. (М.Абдукаримов).
3. Шамыян кайруу - тең тайлаша алуу, күчүн көрсөтүү. Мисалы: Байымбек канчалык жанын кашайтпасын, шамыян кайрып алууга дармансыздыгына өкүндү. (Ш.Бейшеналиев).