
Бишкекте улгайган аял батирдин ичин таштандыга толтуруп алган. Керексиз делинген буюм-тайымдар "Тазалык" муниципалдык кызматы тарабынан тазаланды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы үйдүн ичиндеги көрүнүштү, андагы тазалоо иштери тууралуу видеону жарыялап, билдирүү калтырган.
Социалдык тармактын колдонуучулары "таштандыга толуп калган үй менен Нариман Түлеевдин кандай байланышы бар?", "силер Түлеевсиз эле сонун иштечүсүңөр, эми деле сонун иштейсиңер" деген сындуу пикирлерин калтырышкан.