Биз социалдык тармакта

Олимпиада оюндарынын катышуучусу Сергей Качурин көз жумду

23-октябрда 47 жаш курагында эл аралык класстагы спорт чебери, СССРдин эки жолку чемпиону, Дүйнө кубокторунун жеңүүчүсү, фехтование боюнча Азия чемпиону, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу Сергей Качурин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сергей Качурин күтүүсүздөн жүрөгү токтоп каза болгон.

Сергей Качурин Кыргыз Республикасында фехтованиенин жандануусуна жана калыптанышына эбегейсиз салым кошкон.

SUPER.KG порталы Сергей Качуриндин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан