Биз социалдык тармакта

Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында учурда абал туруктуу"

Кыргыз-Тажик чек арасында учурда абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда Баткен районунун Үч-Дөбө аймагында орун алган чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын алуу жана кырдаалды турукташтыруу максатында бүгүн, 26-октябрда облуска Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-Башкы штабдын башчысы, полковник Абдикарим Алимбаев күч структураларынын аракеттерин координациялоо үчүн учуп кетти. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагындагы кырдаал азыркы учурда туруктуу деп мүнөздөлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан