“Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 жана эпидемиологиясы такталбаган пневмония менен ооругандарга стационардык жардам көрсөтүү үчүн 5006 орун дайындалды. Бул жалпы дайындалган орундардан 61 пайызын түзөт, 39 пайызы бош турат”, - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 8163 орун каралган. Министрлик күнүгө мониторинг жүргүзүп жатат жана зарылчылык болсо, адистештирилген саламаттыкты сактоо уюмдары дагы тартылат. Кошумча орундар 80 пайыздан ашык керебеттер толгон учурда ачылат.